9-май, бейшемби Кыргызстанда дем алыш күн болот. Бул күнү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамы белгиленет.
Май айынын башында кыргызстандыктар 1-5-майга чейин эс алды. 1-май Эмгек күнү, 5-май Конституция күнү белгиленди.
5-май жекшембиге туш келгендиктен, 6-май дүйшөмбү күнү дем алыш болушу керек болчу. Бирок бул күнү кыргызстандыктар 2-майда эс алганы үчүн иштешти.
Эми ишембиде 11-майда иш күнү болот, себеби 3-май жума күндөгү иш күнү ушул күнгө которулган.
Дем алыш жана иш күндөрүн белгилөө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык түзүлгөн.