"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет

Кыргызстанда эртең Комуз күнү белгиленет. Иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КР Улуттук тарых музейи тарабынан көчмө көргөзмө, Кинематография департаменти тарабынан Карамолдо Орозов тууралуу 10 мүнөттүк чакан тасма көрсөтүлүп, салттуу музыка өнөрүнүн алып жүрүүчүлөрү жана комузчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, Маданият министрлигинин буйругуна ылайык, бардык райондук маданият үйлөрүнө, кесиптик орто окуу жайларга жана маданият жана искусство мекемелерине аталган майрамдык күнгө иш- чараларды уюштуруп өткөрүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак, Кыргызстанда Комуз күнү быйыл бешинчи ирет белгиленүүдө. Бул майрам   Президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.

Пример HTML-страницы