Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 13-декабрда Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарьнда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаайт. Ал эми Талас, Баткен облустарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жетет.
13-14-декабрда абанын температурасы төмөндөйт:
— Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25 , түндүгүндө -23…-28, күндүз -12…-17;
— Талас өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15;
— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөнүндөрүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8;
— Ысык-Көл ойдоңунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;
— Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19., -24, Ат-Башы районунда -23…-28, күндүз -11 -16 суук болот. Тоо этектеринде түнкүсүн -19…-24 , күндүз -13…-18 суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -21 …-26, күндүз -14…19 суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35, күндүз -15…-20;
— Суусамыр өрөөнүндө түнкүсун -29…-34, күндүз -15…-20 суук болот.
Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.
Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алыскы жолго чыгууда жарандарды сак болууну эскертет!