"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда айыл чарба продукциясын өндүрүү 2,2% өстү

2022-жылдын январь-май айларында Евразия экономикалык биримдигинде айыл чарба продукциясын өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7%га өскөн.

Орусияда – 2,3%, Кыргызстанда – 2,2% жана Казакстанда – 1,3% өсүш байкалган.

Анын ичинде мал чарбасынын негизги продуктыларын өндүрүү көбөйдү: союлуучу мал жана канаттуулар (тирүү салмакта) – 3,8%га, сүт – 0,9%га, жумуртка – 2,7%га.

«Мал жана канаттууларды союуга өндүрүштүн өсүшү боюнча лидерлер Орусия (+ 4,9%) жана Кыргызстан (+ 2,7%) болду. Сут өндүрүүнүн өсүшү Белоруссияда 0,2 пайыздан Кыргызстанда 1,9 пайызга чейин болду. Жумуртка өндүрүүнүн максималдуу өсүшү Казакстанда катталды — 9,7% », — деп билдирди ЕЭК.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!