Кыргызстанда 2-январдан 8-январга чейинки аралыкта COVID-19дун 6 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, бардык бейтаптар амбулатордук дарылануудан өтүүдө.
“Кыргызстандын бардык облусу «жашыл зонада». 2022-жыл жана 2023-жылдын 9 күн аралыгында коронавирустук инфекциясынын жалпы 21 миң 838 учуру катталган”, — деп айтылат билдирүүдө.