"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстанда алгачкы ирет 40 кабаттуу ипотекалык үйлөр салынат

Кыргызстанда биринчи жолу 40 кабаттуу премиум класстагы ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, бул ири турак жай долбоору мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Бишкек шаарында ишке ашырылмакчы. Курулуш иштерин Мамлекеттик ипотекалык компания жүргүзөт.

«Кыргызстандагы жер аянтынын 94 пайызы тоолуу, болгону 6 пайызы түздүк. Ошондуктан шаарлар күндөн күнгө кеңейип, калктын саны да өсүүдө. Бул талаптарга ылайык көп кабаттуу турак жайларды куруу зарыл болуп жатат», — деди Туманбаев.

Каныбек Туманбаев белгилегендей, 40 кабаттуу үйлөрдү курууда сейсмологиялык талаптар жана коопсуздук эрежелери толук эске алынат.