Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 26-27-апрель күндөрү АЙДОО ФЕСТ 2025 фестивалы өтөт. Ал Сокулук районунун Кожомкул айылындагы Фрунзе көчөсүндө уюштурулат.
Фестивалда Кыргызстандын булуң-бурчунан чогулган жети топ бир талаада жер айдоо боюнча өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүшөт. Айыл чарба тармагындагы адистердин тажрыйбалуулугу, алардын техникаларды туура жана так колдонушу бааланып, жеңүүчүлөр аныкталат.
Белгилей кетсек, мындай жер айдоо боюнча фестиваль Кыргызстанда алгачкы ирет өткөрүлмөкчү.