Апрель айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлүп, бензин 6%га, дизель майы 9%га кымбаттай турганы күтүлүп жатат. Бул тууралуу КР Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.
Маалыматка караганда, буга дүйнөлүк рынокто Brent үлүгүсүндөгү нефтинин баасы өсүп, баррели (көлөм бирдиги) 65 долларга чыгып кеткени себеп болууда.
«Күйүүчү майдын кымбаттап кетүүсүнүн себептеринин бири — сомдун долларга карата болгон девальвациясы. Заводдор продукциясын эл аралык валютада сатат. Ал эми Кыргызстандын ичинде соода кылганда сомду пайдаланабыз. Ортодо чоң айырмачылык бар», — деп түшүндүрүшөт ассоциациянын өкүлдөрү.
Мындан сырткары, нефтетрейдерлер январь-март айларында өлкөгө 327,5 миң тонна нефть продукциясынын киргенин айтып, муктаждык толугу менен жабылып жатат дешет.
Ассоциациядан кабарлашкандай, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы келишим нефть азыктарын ташууда бир топ жеңилдиктерди берүүдө. Мисалы, экспорттук милдеттенмелердин алынганы жыл башынан бери 4,2 миллион доллар үнөмдөөгө шарт түзгөн.
Башка өлкөлөр тараптан Кыргыстанга мындай жеңилдикттер берилген жок.
Учурда, Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы — 47сом, АИ-95 — 49 сомдон сатылууда. Дизель майынын бир литри — 44 сомдун айланасында.