9-октябрга карата “Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү” долбоору боюнча 201,48 миллион сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыяны жалпы 57 субъект алган.
Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда. Каржылоонун жалпы көлөмү 1 миллиард 849,56 миллион сомду түзөт.
Финансы министрлигинин билдирүүсүндө белгиленгендей, бул долбоор азыктуулугу жогору асыл тукум мал сатып алуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.
 
		 
		 
		


