Кыргызстанда биринчи жолу бүтүрүүчүлөргө электрондук аттестат тапшырылат.Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл 11-классты 73 миң 51 окуучу, ал эми 9-классты 128 миңден ашык окуучу аяктап жатат.
Аларга биринчи жолу кадимки кагаз аттестат менен катар электрондук аттестат дагы берилет. Ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө билими тууралуу электрондук күбөлүк берилет.