Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операцияларын жүргүзүүгө укуктуу саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси бекитилди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, операциялар төмөнкү мекемелерде жүргүзүлөт:
-
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу);
-
Режеп Таййип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы;
-
Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасы.
Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Ага ылайык, бөйрөктү трансплантациялоо боюнча кызматтарды уюштуруу жана ишке ашыруунун тартиби да бекитилди. Анда белгиленгендей, бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк оорусунун диагнозу коюлган жарандарга көрсөтүлүүчү бөйрөк алмаштыруу кызматтары, ошондой эле операцияга чейинки жана андан кийинки дарылоо иштери менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.