Кыргызстанда 2-октябрдан 8-октябрга чейин 18 миң 787 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1398 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.