"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Кыргызстанда бир күндө 45 өрт кырсыгы катталды

Республиканын аймагында жалпысынан 45 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 47 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда болду. Тактап айтканда:

  • Бишкек шаарында – 12 учур,

  • Чүй облусунда – 14 учур,

  • Жалал-Абад облусунда – 11 учур,

  • Баткен облусунда – 4 учур,

  • Талас облусунда – 2 учур,

  • Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден учур катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 жолу чыгуу болду.