Кыргызстанда 18нен 24-февралга чейинки аралыкта 19 миң 45 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— документи жок унаа башкаруу — 315;
— мас абалында унаа башкаруу — 495;
— автоунаанын терезесин караңгылатуу — 60;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуу — 478;
— ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу — 6 миң 146;
— автоээнбаштык — 8;
— унааны ылдамдыктан ашырып айдоо — 2 миң 604;
— башка эреже бузуулар — 8 миң 939. Айып короосуна 1 миң 415 автоунаа токтотулган.