Кыргызстандын аймагында 21-августтан 27-августка чейин 22 миң 280 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 370 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББгы айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.