Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 14-августанан 20-августка чейинки аралыкта 24 миң 69 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 449 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.