30-августта Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ички органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операция ийгиликтүү жасалган Кыргыз-түрк достугу ооруканасына барды.
Оорукана жетекчилиги мекеме мындай операцияларды толугу менен ишке ашыра баштаганын, бул үчүн ооруканага квалификациялуу медициналык кызматкерлер тартылып, заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын билдирди.
Мындан тышкары учурда Түркиядан келген 140 медициналык адис Кыргызстанда эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди иш жүзүндө үйрөтүшөт. Бул мезгилде ата мекендик адистер тажрыйба топтоп, бөйрөк алмаштыруу операцияларын өз алдынча жасай башташат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар, ар бир бейтапка мамлекет орто эсеп менен бир сеанска 6,5 миң сомдон бөлөт. Ошентип, жыл ичинде бул процедураларды төлөөгө мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сомго жакын каражат бөлүнүүдө. Эми өлкөдө ички органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды жасоо мүмкүнчүлүгү түзүлүп, бул бюджеттик каражаттар башка социалдык долбоорлорду ишке ашырууга багыттаса болот.
Мамлекет башчысы кошумча медициналык имараттарды куруу жана көбүрөөк сандагы бейтаптарды кабыл алуу үчүн бул медициналык мекеме жайгашкан жердин аянтын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну тапшырды.
Иш сапарынын соңунда Садыр Жапаров Кыргызстанда саламаттык сактоону өнүктүрүүгө жана медициналык кадрларды даярдоого кошкон салымдары үчүн Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Европа Биримдиги жана тышкы байланыштар боюнча башкы директору Кылыч Селамини жана Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик ооруканалар башкы башкармалыгынын департамент башчысы Ташкын Мустафаны КР Ардак грамоталары менен сыйлады.