Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда биринчи жолу шамал электр станциясынын пайдубалы куюлду. Ага Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.
Шамал электр станциясын «Метрум ТЭК» компаниясы Балыкчы шаарына жакын жайгашкан Каракол эркин экономикалык аймагында курууда. 2025-жылдын август айында кубаттуулугу 1 МВт болгон алгачкы шамал генератору ишке берилет.
Белгилей кетсек, электр станция толук ишке киргенден кийин, жылына 250 миллион кВт саатка чейин электр энергиясын өндүрө алат.