Ош облусунун Кара-Суу районунда жеңил жүк ташуучу автоунаалар жыйнала баштады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, унааларды алдыда ички рынокко жана экспортко чыгаруу пландалууда. Завод сырткы инвесторлор тарабынан негизделип, азыркы учурда Кара-Суунун Ынтымак айылында мурдагы тамеки заводдун аймагында жайгашып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.
Тетиктер Кытайдан сатып алынат. Алдыда унаалардын тетиктерин сырттан сатып албай, өздөрү өндүрүп баштаарын маалымдашты.
Жеңил жүк ташуучу унаалардын техникалык мүнөздөмөлөрү: көлөмү 2.4, жүк көтөрүмдүүлүгү 1.5 тонна. Завод толук ишке кирсе жылына 10000 (он миң) даана унаа чыгарууга кубаттуулугу жетет жана 200 жумуш орундары түзүлөт.