Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан бери Кыргызстанда чочко тумоосу менен ооруган 9 учур катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгери Венера Алымкулова билдирди.
«Сасык тумоонун «А» түрү көп циркуляция берчү түрү болуп эсептелинет. Чочко тумоосунун А тибиндеги (H1N1) өтө жугуштуу, курч оору, капыстан пайда болуп, көп сандагы адамдарга жугат, дем алуу органдарынын жабыркашы менен мүнөздөлөт. Вирус аба аркылуу жугат. Адамдарда А (H1N1) тумоосунун инфекциясынын типтүү клиникалык көрүнүшү сезондук гриппке жана жогорку дем алуу жолдорунун башка курч инфекцияларына окшош болгондуктан көпчүлүк учурлар тумоонун сезондук байкоо учурунда кокустан аныкталат», — деди дарыгер.