"Эркин-Тоо"
Коом

Кыргызстанда «COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен» китебинин бет ачары өттү

Бишкекте бүгүн, 26-мартта «COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен» электрондук китебинин бет ачары болуп өттү. Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын эң оор учурундагы абал тууралуу баяндаган электрондук маалымат ресурсунда пандемиянын экономика, билим берүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, медицина тармактарына жана катардагы жарандарга тийгизген таасири жөнүндөгү 150дөн ашуун маек бар. Китепке камтылган маектерди журналисттер Бактыгүл Чыныбаева жана Кайыргүл Урумканова жүргүзүп, топтошкон. Бул электрондук китепте оор күндөрү кыргызстандыктарга жардам берген жарандык активисттердин, коомдук фонддордун, “кызыл зонада” иштеген дарыгерлердин жана ыктыярчылардын, оорудан сакайып чыккандардын, каза болгондордун жакындарынын маектери киргизилди.
«Кыргызстандыктардын пандемия маалындагы үнү» долбоору Борбор Азия Университетинин (БАУ) «Жарандык коомдун демилгеси» программасы ишке ашырып, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда жарык көрдү. Электрондук китептин авторлорунун бири журналист Бактыгүл Чыныбаеванын айтымында, аталган долбоор коомчулукка жарандык коомдун пандемия маалындагы топтогон тажрыйбасы тууралуу так маалымат жеткирүүнү көздөйт.