Айыл чарба министрлиги маалымдагандай, Кыргызстанда мандарин, апельсин, лимон жана кумкуват сыяктуу цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүү жылдан-жылга көбөйүүдө.
Алсак, 2023-жылы 801 гектар жерден 4 миң тоннадай түшүм жыйналса, 2024-жылы 1 миң гектар аянттан 5 миң тоннага жакын түшүм алынган.
Мындан тышкары мал чарба тармагын алып карасак, 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча эт өндүрүү 103 пайызга, сүт өндүрүү 102,7 пайызга, ал эми жумуртка өндүрүү 106,4 пайызга өскөн.
Министрлик билдиргендей, өлкө калкы негизги 9 азыктын 6 түрү менен толук камсыздалган. Калган үч азык боюнча камсыздоо иштери уланууда.

