«Манас» аэропортунун берген маалыматына караганда Кыргызстанда дагы бир эл аралык аэропорт пайда болот. Жалал-Абад облусундагы «Кербен» аэропортунун инфраструктурасын жаңылоо, кеңейтүү иштеринен кийин жүргүнчүлөр каттамын аткаруу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Бул боюнча «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы «Кербен» аэропортун модернизациялоого өз ара пайдалуу шарттарда менчик формасын өзгөртүү укугусуз түз инвестицияларды салууну пландаштыруу боюнча кызматташуунун жолдорун талкуулоодо. Кызматташуунун жыйынтыгында «Кербен» аэропортунда ИКАОнун эл аралык стандарттарына жооп берген жаңыланган учуп-конуу тилке пайда болот. Реконструкцияланган аэропорт эл аралык аэропорт макамын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.