"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Кыргызстанда экинчи эл аралык «Курак» фестивалы өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 11–13-августунда Маданият министрлигинин колдоосу менен «СКерамос» ЖЧКсы жана Билим демилгелерин колдоо фонду биргелешип экинчи эл аралык «Курак» фестивалын уюштурат.

Фестиваль маданияттар аралык байланышты бекемдөө максатында уюштурулуп, ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген белгилүү кол өнөрчүлөр катышат. Алар текстиль калдыктарын кайра иштетүү боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт жана көрсөтмөлөрдү уюштурушат.

Фестивалдын негизги максаты:

  1. Жаштарга, майыптыгы бар жарандарга жана кары адамдарга кайра иштетүүнү үйрөтүү аркылуу Кыргызстанда экологикалык аң-сезимди жогорулатуу;

  2. Кайра иштетүү маданиятын өнүктүрүү;

  3. Элдик маданий мурас болгон курак куроо өнөрүн сактоо жана жайылтуу.

Курак —  бул ар кандай түстөгү, текстурадагы жана өлчөмдөгү кездемелерден тигилген кооз жасалга.

Фестивалдын өткөрүлүүчү дареги жана убактысы тууралуу маалыматты төмөнкү тиркемеден көрө аласыз:

Программа Фестиваля Курак