Кыргызстандын Велоспорт федерациясынын маалыматына караганда, «Локомотив Манас» аттуу профессионалдуу велосипед командасы UCI континенталдык лицензиясын алып, өлкөнүн атынан расмий түрдө эл аралык мелдештерге катыша баштайт.
«Локомотив Манастын» курамында Кыргызстандын жана Орусиянын спортчулары бар. Ал эми машыктыруучулар штабы Орусия, Беларусь жана Кыргызстандын адистеринен турат.
Даярдык иштерин улук машыктыруучу Александр Кузнецов жетектейт.
Белгилей кетсек, команда 2026-жылдан тартып Италия менен Испанияда өтө турган жарыштарга катышууну пландоодо.

