"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда эмдөө башталды

Бүгүн, 29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды. Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысованын айтымында, эмдөөнүн биринчи этабы Бишкек, Ош шаарларын, Чүй облусунда – Кант шаарын жана Сокулук айылын камтыйт. Эмдөө стратегиясына ылайык, өзүнчө кирүү жана чыгуу жолдору бар убактылуу эмдөө пункттары ачылды. Ар бир эмделген жаранга көрсөтмө берилет. Анда кайсы вакцинаны алгандыгы, экинчи дозаны качан алаары, вакцинага кандайдыр реакция болсо кайда баруу керектиги жөнүндө маалымат болот. Эмделген адам менен байланыш үч күн бою жүргүзүлөт.  

Пример HTML-страницы