Үстүбүздөгү жылдын жети айында Кыргызстанда 910,1 миллион сомдук эмерек чыгарылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Кыргызстанда эмерек өндүрүшү өткөн жылдын жети айына салыштырмалуу нарктык мааниде 14,5% өскөн. Үстүбүздөгү жылдын июль айында эле 152,7 миллион сомдук (+23,4%) продукция өндүрүлгөн. Белгилей кетсек, былтыр Кыргызстанда жалпысынан 1 миллиард 298,3 миллион сомдук эмерек чыгарылган.