"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда Энелер күнү белгиленди

Кыргызстанда 2012-жылдан тартып жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленип келет.  Бул күндүн урматына  Улуттук статистика комитети статистикалык маалыматтарды жарыялады.

Республикада 2023-жылдын 1-январына карата 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарын эске алуу менен 3 млн. 357 миң аял бар же алар калктын жалпы санынын 50,6%ын түзөт. Мында шаар жерлеринде 1 млн. 286 миң аял (алардын жалпы санынын 36% дан ашыгы), айыл жерлеринде 2 млн. 271 миң аял (дээрлик 64%) жашаган.

2022-жылы республикада 15-55 жаштагы 150 миңден ашуун аял эне макамына ээ болушкан. Биринчи баласын төрөгөндөгү энелердин орточо жашы 23 жаштын тегерегин түзөт. Биринчи баласы төрөлгөндө жашы 21-22 жашты түзгөн эң жаш энелер Ош шаарында, ошондой эле Баткен, Ош жана Талас облустарында жашашат.

Аялдардын 27% жакыны биринчи жолу, ал эми 35% жакыны же дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи жолу эне болушат. 13% жакыны же дээрлик ар бир сегизинчи аял төрт же андан көп баланын энеси болушат.

2021-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөгөндөрдүн саны азайганы байкалган. Алсак, 2021-жылы 1244 эгиз (2020-жылы — 1436) жана 7 үч эм (2020-жылы — 14) төрөлгөн.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча төрөттөрдүн ортосундагы аралык эки жылдан аз убакытты түзгөн төрөттөрдөн балдардын төрөлүшүнүн үлүшү 32%дан ашкан, ал эми аралыгы үч жылды түзгөндөр 42%га жакындаган. Бирок изилдөөнүн маалыматтары күбөлөндүрүп тургандай, бала төрөөнүн эки жылдан аз аралыгы жана тез-тез төрөө аялдарда аз кандуулукту, ошондой эле кош бойлуулук жана төрөт учурунда кыйынчылыктарды жаратат.

2000-жылдан бери Кыргызстанда төрөттүн өсүшү белгиленүүдө. 15-49 жаштагы бир аялга орто эсеп менен 3,0 бала туура келген, бул биздин өлкөдө калктын кеңири көбөйүшүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү,-делет маалыматта.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!