Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) биринчи вице-президенти Нурдин Букуев билдирди. Анын айтымында, КФБ алдыңкы бир-эки жылда инфратүзүмдү жакшыртууга көңүл буруп, бардык шартты түзүүгө аракет кылат.
«Футболду өнүктүрүү бири-бирине байланган комплекстүү иш. Инфратүзүмдү жакшыртуу аркылуу машыгуу сапатын жогорулатып, атаандаштыкты күчөтүп, командалардын көбөйүшүнө, мыкты адистерди даярдоого өбөлгө түзө алабыз. Мындан тышкары, Кыргыз премьер-лигасындагы футбол командаларынын санын көбөйтүү керек. Учурда өлкө чемпионатында 10 клуб беттештерди өткөрүп келсе, кийинки жылы Каракол жана Өзгөн шаарларынын командалары жогорку лиганы толуктайт», — деди Букуев.
Ошондой эле ал республиканын ар бир облусунда инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр болуп, академиялардын саны көбөйөрүн кошумчалады.
Комментарий калтыруу