"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Экономика

Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 12,3% өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Кыргызстандын экономикасында негизги көрсөткүчтөр боюнча өсүү байкалганын Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 573 миллиард сомдон ашып, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3% өстү.