"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 2023-жылдын 4 айында 264,5 млрд сомду түздү

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде ички дүң продуктынын (ИДП) көлөмү алдын-ала баалоо боюнча, 264,5 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, бул көрсөткүч 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 4,4 пайызга көп.

Ал белгилегендей, ИДПнын өсүшүнө товарларды өндүрүү секторунда – 27,7%, тейлөө тармагында – дээрлик 52%, өнөр жай – 18%, айыл чарба продукциялары – 6%, курулуш – 4%га өсүү көлөмүнүн өсүшү таасир эткен.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!