Бишкекте Индия киносунун күндөрү 21-ноябрдан 24-ноябрга чейин өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги маалымдады. Иш-чараны Индиянын Кыргызстандагы элчилиги менен Кинематография департаменти уюштурууда.
Индия киносу күндөрүнүн ачылыш аземи Токтоболот Абдумомунов атындагы Улуттук драма театрында өтүп, анда Каухар элдик бий ансамбли менен Таберик балдар театры Болливуд бийлерин тартуулайт. Ошондой эле «Дангал» фильми көрсөтүлөт.
«Ала-Тоо» кинотеатрында көрсөтүлө турган тасмалар:
-
22-ноябрда — «Уурдалбаган колукту»
-
23-ноябрда — «Англис-винглиш»
-
24-ноябрда — «Жашоонун зеригичтүү болушу мүмкүн эмес»

