"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстанда инвесторлор үчүн санариптик система ишке кирет

Кыргызстанда инвесторлор үчүн санариптик система иштелип чыгууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, «Түндүк» ААК менен биргеликте «Инвестициялар» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке ашыруу долбоору жүргүзүлүүдө. Ал «бирдиктүү терезе» принциби менен иштеп, арыздарды онлайн тапшырууга, инвестициялык долбоорлор тууралуу маалыматты бир жерден алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле мамлекеттик маалымат базалары менен байланышат. Аны 2026-жылы ишке киргизүү пландалууда.

Учурда долбоордун беш баскычтан турган планынын үчүнчү баскычы аяктап, системаны өркүндөтүү боюнча сунуштар талкууланды.