"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

ӨКМ кабарлагандай, КРнын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-май күнү Кыргызстандын аймагында саат 07:33тө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жердин силкинүүсү Нарын облусунда, Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап жана Ак-Кыя айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

ӨКМ учурда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.