"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстанда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 6-октябрда, саат 02:29да Кыргызстандын аймагында магнитудасы 6га жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Башкы-Терек айылында 5,5 балл, Чакмак-Суу айылында 5 балл жана Талас шаарында 4 баллга чейин сезилген.

Учурда Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө.