"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда Күн электр станциянын курулушу башталат

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Masdar (Бириккен Араб Эмираттары) компаниясынын өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча улук менеджери Мохамед Асаад Тахер жана инвестициялар боюнча менеджери Камалиев Диас менен жолугушту.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар буга чейинки түзүлгөн келишимдин алкагында 200 мВттык Күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция куруу долбоорун карашты.

Учурда аталган долбоорду Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Нарын облустарында ишке ашыруу үчүн иликтөө жүрүүдө.

Жолугушууда долбоордун техникалык параметрлерин изилдөө үчүн ушул жылдын май айынын ортосунда компаниянын техникалык адистери Кыргызстанга келери айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин министр Таалайбек Ибраевдин Абу-Дабиге болгон жумушчу сапарынын алкагында Абу-Даби өкмөтүнө таандык инвестициялык Masdar компаниясы менен 200 МВТтык Күн электр станция куруу боюнча документке кол коюлган.

Түзүлгөн келишимдин негизинде Masdar компаниясы 4 ай изилдөө иштерин жүргүзүшмөк. Андан соң июнь айында станцияны куруу келишимине толук кандуу кирише баштайт. План боюнча станция 2025-жылы колдонууга берилет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!