"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда калктын 11% психикалык жактан жабыркайт

Кыргызстанда калктын 11%ы психикалык жактан жабыркайт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жүргүзгөн изилдөөлөрдө айтылды. “Калкты каттоо департаментинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын мартына карата Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 181 миң адамды түзөт. Эгер бул сандын 11%ын ала турган болсок, бул болжол менен 789 миң адам психикалык жактан жабыркайт дегендикти билдирет”,-дейт  врач-психиатр Лилия Пантелеева.  Анын айтымында бул олуттуу көрсөткүч.  Лилия Пантелеева учурда коомдо стресс абалында жүргөндөрдөн тарта, атайын каттоого алынган жарандардын саны өсүүдө. Алсак, республикалык психиатрия жана наркология борборунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын октябрынын башына карата 50 292 адам атайын каттоого алынган.