"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда калктын акчалай кирешелери беш пайызга өстү

 

Кыргызстанын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылдын I кварталында 149,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,6 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалы комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын I кварталында керектүү бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 133,5 млрд. сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 5,2 пайызга көбөйдү.

«Милдеттүү төлөмдөрдү жана мүчөлүк салымдарды чыгаруу менен кирешелерди мүнөздөгөн калктын киши башына алгандагы колдо болгон акчалай кирешелери 2022-жылдын I кварталында айына 7 420,1 сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 15,5 пайызга өстү. Кирешенин эң чоң үлүшү (66 пайызды) жумуш менен камсыз болгон кирешеден түшкөн», — деп айтылат маалыматта.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!