Кыргызстанда калктын ишке жарамдуу бөлүгүнүн 20 пайызы, жалпы калктын 7-8 пайызы коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу маалыматты Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-тажрыйбалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Зуридин Нурматов Sputnikке берген маегинде билдирген.Ал оору боюнча алдыңкы айларга божомолун айтып, калктын 60-70 пайызында дартка иммунитети пайда болуп калганын белгилеген.
«Азыр күнүнө 15-20 миң адам вакцина алып жатат. Ушул темп менен кетсек, эмделгендердин саны 90 пайызга жетет. Анда түрдүү штаммдарга карабай оорунун азыркыдай жогорулоосу болбойт. Коронавирус да сасык тумоодой мезгил-мезгили менен бир аз гана адамдар арасында айланып жүрө бере турган абалга келип алат», — деп билдирет ал.