Кыргызстанда кант диабети менен ооруп, расмий катталган бейтаптардын саны 90 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Санжарбек Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун эндокринология боюнча профессордук курстун ассистенти Назгүл Абылова радиолордун биринде берген маекте билдирди.
«Расмий катталбагандардын саны 200–250 миңге чейин жетет деп болжолдойбуз. Көпчүлүк адамдар кант диабети менен ооруп жүргөнүн өздөрү деле билишпейт. Көп учурда диагноз адам инфаркт же инсульт болгондо гана аныкталып жатат», — деди Абылова.
Анын маалыматына караганда, соңку жылдары кош бойлуу аялдар арасында кездешкен кант диабети да өсүүдө.
«Оорунун жайылышына аз кыймылдуулук, туура эмес жана майлуу тамактануу, экологиялык жагдайлар жана ашыкча салмактуулук себеп болууда», — деп кошумчалады адис.