Кыргызстанда катталган унаалардын саны 1 миллиондон ашты

31-июль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 56

2025-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстанда жалпы 1 млн 343 миң 33 унаа катталган. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик маалымдады.

Унаалардын ичинен 86,3%ы — же 1 млн 158 миң 976 унаанын рулу сол жакта жайгашкан. Ал эми оң рулдуу унаалардын саны 183 миң 936ны (13,7%) түзөт.

31-июль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 56
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X