"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда кой жүнүнөн жер семирткич жасалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кой жүнүнөн жасалган жер семирткич сыноодон өткөрүлүп жатканын билдирди. Буга чейин Монголияга койдун 13,2 тонна жүнү жеткирилип, андан 11,2 тонна органикалык жер семирткич жасалган. «Учурда кой жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткичти сыноо методикасы жана параметрлери аныкталууда, бул эксперименттин жүрүшүндө баалана турган көрсөткүчтөр аныкталып жатат», — деп айтылат. маалыматта. Эксперименттин жыйынтыгы менен натыйжасы боюнча илимий негизделген корутунду берилет.