"Эркин-Тоо"

КЫРГЫЗСТАНДА КОМУЗ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНЕТ

Кыргызстанда 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет. Быйылкы майрам күнүн белгилөө комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КР Улуттук тарых музейи тарабынан көчмө көргөзмө, Кинематография департаменти тарабынан Карамолдо Орозов тууралуу 10 мүнөттүк чакан тасма көрсөтүлүп, салттуу музыка өнөрүнүн алып жүрүүчүлөрү жана комузчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт көрсөтүлөт.

Эске салсак, Кыргызстанда Комуз күнү быйыл бешинчи ирет белгиленүүдө. Бул майрам Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында Президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!