КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлининин берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны жалпы 109 миң 703 адам алган. Анын ичинен 77 миң 390 адам вакцинанын экинчи дозасы менен эмделди. 29-июнга караган суткада 4 миң 64 киши эмделсе, 860ы экинчи ирет эмдөөдөн өттү.
Эске салсак, 29-марттан баштап республика боюнча Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. 22-апрелде Кыргызстанга Орусияда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келген болчу.