Кыргызстанда жыл башынан бери кызамыктын 6081 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова бүгүнкү брифингде айтты.
Бейтаптардын 80 пайызы балдар, анын ичинде эмдөөдөн өтпөгөндөр. Ишенапысованын маалыматына караганда, кызамык боюнча эпидемия 2023-жылы болгон, анда 7 миң 46 учур катталган.
«Эң көп Бишкек шаары, Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталууда. Оорунун көбөйүшүнө балдар жана чоңдор арасында кызамыкка каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуунун көптүгү себеп болуп жатат», — деди Гүлбара Ишенапысова.
Учурда Министрлер Кабинетинде оорунун очогун аныктоо иштери күчөтүлгөнү, кошумча эмдөө кампаниясы жүргүзүлүп жатканы кабарланды.
Эмдөө календарына өзгөртүү киргизилди – экинчи вакцинаны алуу жашы 6 жаштан 2 жашка жылдырылды.