Кыргызстанда 8-аперлге карата кызамык оорусунун 7 миң 864 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактикалык борборунан билдиришти.
Мекеме кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жайылып жатканын билдирди.
«Бунун себеби — оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын арасында вирус кеңири жайылып жатат», — деп белгиледи мекеме.
Балдар жана чоңдор арасында кызамык менен кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу — оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби бойдон калууда.