Кыргызстанда кызылча (корь) жуккан балдардын саны 2-октябрга карата 2469га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты чыңдоо республикалык борбору маалымдады.
Аталган борбордун маалыматына ылайык, 18-29-сентябрь күндөрү тогуз айдан жети жашка чейинки 440 343 бала эмдөөдөн өттү жана бул жараян уланып жатат. Өткөн айда Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасынын 755 миң 500 дозасы келгенин билдирген.
Белгилей кетсек, август айында оору жугуп катталгандардын саны 1700 болчу. Эки ай мурда кызылча оорусунан эки бала чарчап калганы, алар да эмдөөдөн өтпөгөндөр экени аныкталган.