"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргызстанда күндөн энергия алган жабдуу өндүрүлө баштайт

Энергетика министрлиги күндүн энергиясын өндүрүүгө багытталган жаңы ири долбоорду ишке ашырууну көздөөдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр Таалайбек Ибраев “ГРК Солар Энерджи” компаниясынын жетекчилиги менен жолугуп, кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду.

Жаңы долбоор Кытай менен биргеликте ишке ашырылып, анын алкагында күн панелдерин чыгаруучу завод куруу пландалууда.