"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Кыргызстанда мөмө-жемиш көчөттөрүн сырттан алып келүү азайды

Айыл чарба министрлиги маалымдагандай, Кыргызстанга чет өлкөдөн мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрүн алып келүү иши кыйла азайды.

Жыл сайын өлкөдө бак-дарактардын көчөттөрүнө болгон муктаждык 23 миллион даананы түзөт. 2025-жылдын жаз айындагы отургузуу иштери үчүн ата мекендик питомниктер 12 миллион 152 миң көчөт даярдашкан. Бул муктаждыктын олуттуу бөлүгүн жабат дегенди билдирет.

Мындан улам көчөттөрдү сырттан алып келүүгө болгон муктаждык азайды. Маселен, 2024-жылдын алты айында өлкөгө 20 миллион көчөт ташылып келсе, быйыл, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул сан дээрлик эки эсе азайып, 11 миллионго түшкөн.

Импорттолгон көчөттөрдүн салыштырмалуу көрсөткүчү:

2024-жылдын алты айында:
– гүл көчөттөрү — 9,8 миллион
– жемиш көчөттөрү — 3,5 миллион
– мөмө көчөттөрү — 6,2 миллион
– кооздоо үчүн көчөттөр — 439 миң

2025-жылдын алты айында:
– гүл көчөттөрү — 6,3 миллион
– жемиш көчөттөрү — 3 миллион
– мөмө көчөттөрү — 1,3 миллион
– кооздоо үчүн көчөттөр — 287 миң

Учурда өлкөдө 22 питомник расмий каттоодон өтүп, көчөттөрдү өстүрүп, сатууда.