Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Буга чейин Улуттук статистика комитети менен биргеликте «КР аймагындагы малды жана үй канаттууларын кайра саноо» жөнүндөгү ведомстволор аралык буйрук иштелип, басылып чыккан. Маалыматка караганда, санакты каттоочулар жүргүзөт.
Иш-чаранын планына ылайык, райондор боюнча кыскача жыйынтык 2022-жылдын 24-январында, ал эми өлкө боюнча жалпы жыйынтык 2022-жылдын 16-февралында белгилүү болот.
